Бул тууралуу билдирген Кыргызстан патриоттук партиясынын башкы катчысы Назарбек Нышанов 7-мартта Баткен райондук соту тарабынан 1800 сомдук үч эселенген айып тагылып бошотулду. Ага Кылмыш Жаза кодексинин 166-беренесинин 1-бөлүмүнүн негизинде алдамчылык кылган делип айып тагылып, 10 ай убактылуу кармоочу жайда камакта отурганда тартип коргоо органдары тарабынан күч колдонуларына, адам укугу тебеленип мыйзамды одоно бузганына күбө болгон. Нышанов саясий куугунтукка алынып, бийлик тарабынан ар кандай ыдык көргөн адамдарды коргоо боюнча коомдук уюм түзө тургандыгын белгиледи. Ошондой эле Баткен райсотунун өкүмү менен макул эместигин, жогорку сот инстанцияларына кайрыларын билдирди. Ал өткөн жылы июнь айында өкмөт үйүнүн жанында митинг өткөрүп, Кыргызстандагы жооптуу кызматтарда иштеп турган 155 кишинин тизмесин жазып, беш алты кызматкерди токтоосуз кызматтан бошотууну өлкө башчысынан талап кылган. (AJ)