Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:14

14:37 Коомдук парламенттин өкүлдөрү Таласта жыйналышты электр жарыгы жок өткөрдү


Талас шаарындагы “Кырк чоро” кинотеатрында өткөн элдик жыйында энергетика тармагын менчиктештирүүгө каршы пикирлер айтылып, коррупциянын күчөшү, Кыргызстандагы жерлердин коңшу мамлекеттерге өтүп кетип жатканы тууралуу маселе көтөрүлдү. Жергиликтүү жарандардан 29-мартта болуучу Элдик курултайга делегаттар шайланды. Уюштуруучулардын айтымында, ага 112 адам катышты. Укук коргоо органдары болсо жыйынга отуздай эле адам катышканын айтышууда. Жыйынга Бишкектен Коомдук парламенттин өкүлдөрү Касымбек Райымкул уулу, Роза Нурматова, Кайнар Белекбаев, Чынара Айтбаева, Асел Куттубаева, Уран Рыскулов катышты. (AJ)

XS
SM
MD
LG