Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:45

17:37 Нарын суу канал ишканасына республикалык бюджеттен 1 млн. 64 миң сом төлөнө элек


Бул тууралуу бүгүн “Нарын kg” маалымат борборунда болуп өткөн жыйын учурунда "Нарын суу канал" ишканасынын башкы кыбаатчысы Темирбек Ибраев билдирди. Учурда Нарын шаарынын калкын таза суу менен камсыз кылуу кыйынчылыкка кептелүүдө. Шаар элинин 80 пайыздан ашыгы Акбечел суу камсыздоочу жайынан пайдаланышат. Бирок бул жай өткөн кылымдын 60-жылдарында ишке берилгенден бери омоктуу оңдоодон өтө элек. Ишкананын суу чорголорду жана түтүктөрдү күнүмдүк калыбына келтирүүгө каражаты жете бербейт. Пайдаланган суу үчүн шаар тургундары 3 млн. 215 миң сом бересе болсо, 1 млн. 64 миң сомду өкмөт республикалык бюджеттен чегербей келет. (KUs)

XS
SM
MD
LG