Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:28

17:29 Биринчи май райондук соту “Мен ишенбейм” кыймылынын мүчөлөрүнүн ишин кароодо


Кыймылдын мүчөсү Мирсулжан Намазалиевдин айтымында, сот ага 2000 сом, Гүлшайыр Абдирасуловага 1000 сом айып такты. Ушул тапта кыймылдын дагы төрт мүчөсүнүн иши каралып жатат. Калгандардын иши эртең каралат. М.Намазалиевдин айтымында эми алар доо арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылышат. “Мен ишенбейм” жаштар кыймылынын мүчөлөрү кечээ парламенттин тарашын талап кылган нааразылык чарасын уюштурган. Аларды милиция кармап кетип, административдик кодекстин 371 жана 392-беренелери боюнча мыйзамга жана милицияга баш ийген жок, нааразылык чараларды өткөрүү эрежесин бузду деген негизде айып таккан.
(AiJu)

XS
SM
MD
LG