Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:48

17:37 Н.Шакиев: Президент катуу ооруп жатат деген маалыматтар жалган


“Фергана.ру” агенттиги “Кыргызстандын президентинин оорусу катуубу?” деген макалада айрым такталбаган маалыматтар боюнча Курманбек Бакиевдин бөйрөгү катуу ооруп немистердин бир ооруканасында дарыланып жатканын жазып чыкты. Президенттин басма сөз катчысы Нурланбек Шакиев президенттин оорусу тууралуу маалымат каражаттарында жана коомчулукта айтылып жаткан ушак-айыңдарды жокко чыгарды. Анын айтымында, президент кыска мөөнөттөгү эс алуусунда ден соолугуна да кам көрүп, Германияда догдурлардын текшерүүсүнөн өткөн. “Бакиевдин денсоолугу чың, жакын арада кызматына киришет”, - дейт Шакиев. (AJ)

XS
SM
MD
LG