Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:03

18:48 Таласка Жогорку Кеңештин депутаттары барышты


Кыргызстан менен Казакстан мамлекеттеринин ортосундагы чегара талаш маселелери менен Таласка Жогорку Кеңештин депутаттары барышты. Карабуура районундагы Кайнар, Аманбаев жана Манас районундагы Аксай айылдарындагы 2 миң гектар чатак чегара жерин чечүү максатта Жогорку Кеңештин 29 депутаты бүгүн Таласка келишти. Алар эртеңки күндөн баштап Казакстан мамлекетине чектеш жашаган жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, чегара тууралуу көйгөйлүү маселелерин угушмакчы. Чегара чатактарынан улам эки мамлекеттин жашоочуларынын ортосунда буга чейин бир топ майда чатактар болуп келген. Эгер бул маселени өз учурунда чечпесе чоң мамлекеттик деңгээлдеги чатакка айланышы мүмкүн, дейт жергиликтүү тургун Бакбосун Бектемиров. (UA)

XS
SM
MD
LG