Газвин шаарында Мокараме Ебрагими 17-марттын түнүндө бошотулганын анын адвокаты Шади Садыр бышыктады. Емрахими никеси жок жары Жафар Киани менен мындан 11 жыл мурда жыныстык катнашта болгону үчүн камакка алынган. Кианы былтыр жайда таш бараңга алынып өлтүрүлгөн. Иранда ала жипти аттаган эркектер көкүрөгүнө чейин, аялдар мойнуна чейин жерге көмүлүп, баштары үзүлүп калганга чейин таш бараңга алынат.