Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:48

Кыргызстан туризмдеги атаандаштык жөндөмү жагынан 113-орунда


Дүйнөлүк экономикалык форум (World Economic Forum) деп аталган уюм жакында саякат жана туризм индустриясынын дүйнө өлкөлөрүндөгү абалына арналган отчетун жарыялады. Отчетто Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан да камтылып 130 мамлекеттин ичинен 113 - орун ыйгарылган.

Баш кеңсеси Швейцарияда жайгашкан Дүйнөлүк экономикалык форум Саякат жана туризм атаандаштыгы ( Travel & Tourism Competitiveness) деп аталган отчетту ушуну менен быйыл экинчи ирээт чыгарууда. Отчеттун авторлору тигил же бул өлкөнүн саякат жана туризм чөйрөсүндөгү атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн аныктоодо тармактын ишин жөнгө салган эрежелер, коопсуздук, аба –катнаш, жол, туризм инфраструктурасы, экологиянын туруктуулугу, табихый, маданий байлыктар өңдүү жана башка он төрт факторду эсепке алган. Дүйнөлүк экономикалык форумдун улук экономисти, отчеттун авторлорунун бири Женнифер Бланк биз менен болгон маегинде иликтөөнүн максаттары тууралуу буларды белгиледи:

-Биздин иликтөөнүн максаты – дүйнө өлкөлөрүндө саякат жана туризм секторун өнүктүрүүгө кызыкдар кылган баардык багыттар менен факторлорду кароо. Быйылкы иликтөөбүздө 130 мамлекетти камтыдык жана туризм менен саякат тармагын чындап өнүктүрүүнү көздөп жаткан мамлекеттер бул чөйрөдөгү абалды кантип оңдоору үчүн ал пайдалуу болот деп ойлойбуз.

Ошентип, алдыда айтылгандай он төрт фактор боюнча жүргүзүлгөн иликтөөнүн натыйжасында анда камтылган 130 өлкөнүн рейтинги аныкталган. Алдыңкы он өлкөнүн тобунда катары менен Швейцария, Австрия, Германия, Австралия, Испания, Британия, АКШ, Швеция, Канада, Франция турат. Эски совет аймагынан Орусияга 64, Украинанга 77, Азербайжанга 79, Арменияга 89, Өзбекстанга 90, Казакстанга 91, Молдовага 98, Кыргызстанга 113, Тажикстанга 114 – орун ыйгарылган. Бул жалпы рейтингдеги орундар.

Ал эми тигил же бул көрсөткүч боюнча өзүнчө ала келгенде мамлекеттердин орду да алмашат. Маселен баа боюнча атаандаштык жагынан Кыргызстан жана Борбор Азия өлкөлөрү жалпы рейтингде биринчи он орунду алган Батыш мамлекеттеринен алдыда. Туризм жана саякат чөйрөсүн жөнгө салган эрежелер боюнча Кыргызстан 90 -орунду, ал эми адам, маданий жана табихый ресурстар жагынан 102-орунга арзыган. Ал эми туризмге жакындыгы боюнча мындан да кыйла алдыда, 26-орунда. Бирок инфраструктура жагынан 130 мамлекеттин ичинен 128–орунга түшкөн.

Кыргызстандан кийин Африканын Камерун жана Чад сыяктуу мамлекеттери гана бар. Отчеттун автору Женнифер Бланк айым биз менен болгон маегинде буларга токтолду:

- Өзгөчө Кыргызстанда биз туризм менен саякатка жакындык, өлкөдө муну өнүктүрүүгө кызыгуу бар экенин аныктадык. Бул - өтө маанилүү. Бирок инфраструктура - Кыргызстан үчүн номер биринчи проблема. 130 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 128-орунду алышы көбүнесе туризм инфраструктурасынын өнүкпөгөнүнө, мейманкана кызматынын, автоунааны ижарага алуу, банкоматтан акча алуу өңдүү нерселердин чектелүү экендигине байланыштуу. Буга кошумча транспорттук инфраструктуранын өнүкпөгөндүгү жалпысынан туристтердин өлкөнү кыдыруусун кыйындатып жана бул жерде туруунун ыңгайлуулугун азайтып жатат.

Женнифер Бланк кошумчалагандай, алар өз иликтөөсүндө Кыргызстан жана башка өлкөлөр тууралуу маалыматтарды Дүйнөлүк туризм уюму (UNWTO) , Аба транспорту боюнча эл аралык ассоциация ( IATA) өңдүү эл аралык мекемелерден, тармак боюнча эксперттерден жана коомчулук үчүн ачык башка булактардан чогулткан. Кыргызстандын туроператорлор ассоциациясынын аткаруучу директору Нуржан Эрнестова саякат жана туризм атаандаштыгы боюнча Кыргызстанга 130 өлкөнүн ичинен 113 –орундун ыйгарылышы адилеттүү деген ойдо:

- Мен адилеттүү эле деп ойлойм. Биринчиден бизде туризм жаңыдан гана өнүгүүдө, тилекке каршы жай ыргак менен. Анткени инвестиция жетиштүү эмес өлчөмдө салынууда, мамлекет да Кыргызстанды чет өлкөдө таанытууга аз эле каражат бөлүп жатат.Албетте, анан өлкө ичиндеги инфраструктура начар.

Туризмдин өнүгүүсү ифраструктура гана эмес, айлана–чөйрөгө да байланыштуу. Дүйнөлүк экономикалык форумдун отчетунда быйыл мына ушул факторго өзгөчө көңүл бурулган. Отчет авторлорунун пикиринде, туризмдин айлана-чөйрөнүн сапатынан көз карандылыгы улуттук өкмөттөрдү жана туризм индустриясын экологияны коргоого көңүл бурууга аргасыз кылууда. Айлана –чөйрөнүн туруктуулугу көрсөткүч жагынан Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнөн алдыда экен. Маселен Казакстанга 120, Өзбекстанга 111, Тажикстанга 97, Кыргызстанга 91 - орун ыйгарылган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG