Линктер

шейшемби, 23-май, 2017 Бишкек убактысы 18:56

7:09 Коомдук парламенттин курамы кеңейтилет


Бүгүнкү жыйында коомдук парламенттин курамын кеңейтүү маселеси да каралмакчы. «Акыйкат үчүн» кыймылынын координациялык кеңешинин жетекчилеринин бири Аликбек Жекшенкуловдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, мүчөлөрдүн саны кеминде 75 адамга чейин көбөйтүлөт. Буга коомдук парламентке кирүүнү каалагандардын саны көбөйүп жатышы себеп болууда. Буга чейин алардын талапкерлигин кыймылдын координациялык кеңеши карап чыккан. Эми бул маселе бүгүнкү жыйынга коюлат. Ошол эле учурда курамды 90 адамга чейин көбөйтүү сунуштары да айтылууда. Күн тартибинде мындан сырткары коопсуздук, тышкы саясат, экономикалык жана социалдык маселелер боюнча үч комиссия түзүү да белгиленген.(SM)

XS
SM
MD
LG