Биринчи май райондук соту бүгүн кыймылдын калган үч мүчөсүнө байланыштуу чечим чыгарышы күтүлүүдө. Кечээ аталган жаштар кыймылынын алты мүчөсүнүн иши каралып, алардын бирөөсү акталып, калган бешөөнө сот миң сомдон эки миң сомго чейин айып пул салган. Эки күн мурда парламенттин тарашын талап кылган кезектеги нааразылык чарасына чыккан бул кыймылдын мүчөлөрүн дароо эле милиция кармап кетип, аларга мыйзамга жана милицияга баш ийген жок, нааразылык чараларды өткөрүү эрежесин бузду деген негизде айып тагылган болчу.(SM)