Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:27

Human Rights Watch Кытай бийликтерине кайрылды


Эл аралык укук коргоо уюму Кытайды Тибетте кармалгандарга көз карандысыз байкоочуларды киргизүүгө чакырды. Уюмдун билдирүүсүндө такталбаган маалыматтарда жүздөгөн адамдар кармалганы айтылып жатканы белгиленип, укук коргоочулар алар кыйноолорго кабылышы мүмкүндүгүнөн тынчсызданып жатканы айтылат. Бозгундагы Тибет өкмөтү Кытай бийликтеринин демонстрацияларды күч менен басуу аракетинин натыйжасында Тибетте жүз чакты адам мерт болгонун айтса, расмий Бээжин бул окуяда 13 адам ажал тапканын кабарлоодо. Кытай бийликтери Тибетке чет элдик журналисттердин кирүүсүнө тыюуу салгандыктан бул маалыматтарды тактоого мүмкүн болбой жатат.

XS
SM
MD
LG