Раззаковдун үй музейинде мамлекеттик ишмер Искак Раззаковдун каза болгондугунун 29 жылдыгын эскерип кече өтүүдө. Ага Раззаков менен чогуу иштешкен адамдар жана анын атындагы Техникалык университеттин студенттери жалпысынан 50 ашуун адам катышууда. Искак Раззаков 1910-жылы Баткен облусундагы Лейлек районундагы Корасан айылында төрөлгөн. 1950-1961-жылдары Кыргыз Республикасын жетектеп турган мезгилде бир катар Жогорку окуу жайлар, илимдер Академиясы, Телеборбору, “Кыргызфильм” киностудиясы ачылып, бир нече ГЭСтер курулган. Аны Коммунистик партиянын Борбордук комитети улутчул, бюджеттин акчасын максатсыз пайдаланган деген шылтоо менен биринчи катчылыктан бошотуп, Москвага кызматка которгон. Искак Раззаков 1979-жылы 19-мартта Москвада каза болгон. Сөөгүн мекенине 2000-жылы мурдакы президенттин демилгеси менен Ош облусунун мурдакы губернатору Темирбек Акматалиев баштаган топ Бишкекке алып келип, Аларча көрүстөнүнө жаңыртып коюшкан. (AJ)