Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:18

12:15 СДП Жогорку сотко көзөмөл иретинде даттануу жолдоду


Анда БШКга 20 млн. сомдон ашуун каражатты СДП төлөп берүү тууралуу Бишкек райондор аралык сотунун жана Бишкек шаар сотунун СДПны БШКга 16 млн. сом төлөп берүү тууралуу чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү каралган. Мындай маалыматты СДПнын мүчөсү Жыргалбек Турдукожоев “Азаттыкка” билдирди. Эскерте кетүүчү жагдай өткөн жылы парламенттик шайлоо алдында БШКнын мурдагы жооптуу катчысы Эдил Байсалов шайлоо бүллетендерин чөнтөк телефону аркылуу сүрөткө тартып алып, интернет сайтка жайгаштырганын БШК мыйзам бузду деп эсептеп, Башкы прокуратурага арыз жолдогон. Башкы прокуратура бул боюнча иликтеп, тергөө амалдарын жүргүзүп ишти Бишкек райондор аралык сотуна ашырган. 2007-жылы 11-декабарда райондор аралык сот СДП 20 млн. 19 миң, 780 сомду БШКга төлөп берсин деген чечим чыгарган. (AJ)

XS
SM
MD
LG