Мындай чечимди аталган парламент бүгүнкү отурумда кабыл алды. Учурда “24-марттын сабактары” деген темада талкуу улантылууда. Анда бийликтин жеке адамдын колуна топтолушунан, коррупциянын гүлдөшүнөн, чиновниктердин эл менен эсептешпей чектен чыгуусанан улам ыңкылап пайда болоору айтылды. “Акаевдин кетирген катачылыгынан, андан соң Бакиевдин катачылыгынан кийин үчүнчү катачылыкты мамлекет көтөрө албайт. Ошондуктан ар бир ишти шашпай ойлонуп, алдыга кадамдарды таштоо керек. Өлкөнүн азыркы абалынан улам 24-март окуясынын кайталануу коркунучу бар”,-деди Мирослав Ниязов. (AJ)