Бул тууралуу депутат Алишер Сабиров бүгүн ЖК сессиясында каржы министри Тажикан Калимбетовага эскертүү жасап, парламент тарабынан кабыл алынып, президент кол койгон мыйзамды туура эмес дегени үчүн, анын кызматтан кетүүсүн талап кылууга болорун эскертти. Парламентте бүгүн 1-вице-премьер-министр Искендер Айдаралиев менен каржы министри Тажикан Калимбетова депутаттарга маалымат беришти. (ZKo)