Багдаддын түндүк-чыгышындагы Дияла аймагында жан кечти аялдын бомба жардыруусунан кеминде 5 киши, Мосул шаарында болсо миналанган автоунааны ирак армиясына таандык имаратка багыттоодон 11 аскер кишиси жана Басра шаарындагы чабуулдан 17 ирак чек арачысы мерт болгон. Мындан сырткары бул чабуулдардан дагы 30 чакты киши жаракат алган.