Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:27

12:00 №16 абактагы абалга байланыштуу иштер жүрүп жатат


Адилет министрлигинин маалыматы боюнча №16 жаза өтөө жайында кечээ түзүлгөн абалды иликтөө иштери жүрүп жатат. Жаза өтөөчү жайдагы кырдаал тынч жана министрликтин көзөмөлү алдында турат. Кечээ аталган абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатышкан 700 адам тамак ичүүдөн баш тартышканы тууралуу айтылган эле. Мындан тышкары жаза өтөө башкармалыгынын жетекчиси Сергей Зубков №16 абакта мурда пландаштырылып жасалган тинтүүдө аз сандагы маң заттары, чөнтөк телефондору алынгандыгын маалымдаган. Москва райондук сотунун Азиз Батукаевдин жаза өтөө жайындагы эрежелерди бузгандыгына байланыштуу эки жылга эркинен ажыраткан өкүмүнө нааразы болушуп, тамактануудан баш тартышкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG