Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитовдун “Азаттыкка” билдиришинче азырынча журналист менен аялынын дайыны чыга элек, бирок машинеси табылды. Милиция бул окуяга тиешеси бар шектелип кармалгандар аларды өлтүрүп көөмп салышы ыктымалдыгын билдирүүдө. Азыр атайын топ издеп жатат. “Вечерний Бишкек” гезитинин өздүк кабарчысы Юрий Александров менен аялы Ангелинаны акыркы жолу 7-мартта көрүшкөн. Жубайлар ошол күнү кечинде шаардагы “Пекинская утка” кафесинде кесиптештер кечесинде болуп, ал жерден жергиликтүү убакыт боюнча 21:30дар чамасында кетишкен. Айрым маалыматтарга караганда журналисттин жанында чоң суммадагы акча болгон. 59 жаштагы Юрий Александров көп жылдардан бери “Вечерний Бишкек” гезитинде өздүк кабарчы болуп иштеп келген. (EBM)