Жазгы талаа иштерин жүргүзүү тууралуу бүгүн депутаттарга 1-вице-премьер-министр Искендер Айдаралиев жана айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министри Арстанбек Ногоев маалымат беришти. Анда айтылгандай Кыргызстанды буудай менен толук камсыз кылуу үчүн 1 млн тоннадан ашуун буудай керек, быйылкы жылы 400 миң гектарга жакын айдоо аянтынан 800 миң тоннадан ашуун түшүм алуу максат кылынууда. Депутаттар өкмөт жазгы талаа иштерине даярдыкты кечигип баштагандыгына нааразылыгын билдиришип, быйылкы түшүмдүүлүктү камсыз кылууга бир катар тапшырмаларды беришти.
13:45 Жогорку Кеңеш жазгы талаа иштерин жүргүзүүгө өкмөт тарабынан жүргүзүлүүчү иш-чаралар тууралуу токтом кабыл алды