Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:11

15:20 “Ата мекен” партиясынын Жалалабат облустук бөлүмү Кыргызстан калкына кайрылуу кабыл алды


Бийлик өлкөдөгү көз каранды эмес айрым маалымат каражаттарынын үнүн соттордун жардамы менен өчүрүүгө аракет жасоодо. Буга “Де-факто” жана “Алиби” гезиттеринин сотко берилиши жана облустагы “Сентябрь” телеканалынын айланасындагы кырдаал далил боло алат. Аталган маалымат каражаттарына бийликтин кемчилигин сындаганы үчүн куугунтук жасалып, кысым көрсөтүлүүдө. Кайрылууга “Ата Мекен” партиясынын облтөрагасы Эргешалы Садиров менен орунбасары Кадырбек Жакыпов кол койгон. Жакыповдун айтымында “Сентябрь” сыналгысына карата райондор аралык соттун аныктамасын колдоо менен обл сот калктын эркин маалымат алуу укугун чектеди. Сыналгы ээси ал аныктама Жогорку сотто жокко чыгарылгыча телеканал убактылуу обого чыкпай турганын билдирген. Райондук сот былтыр сыналгы мунарасына жер ажыраткан буйрукту жокко чыгарып, мунараны көчүрүп кетүү аныктамасын чыгарган болчу. (YA)

XS
SM
MD
LG