Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:36

17:16 Б.Акуновдун өлүмү боюнча Нарын шаардык соту кайрадан териштирүүнү баштады


Мындай маалыматты бүгүн Бектемир Акуновдун уулу Урмат Акунов “Азаттыкка” билдирди. Жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлүнүн айтымында, соттук териштирүү 20-мартта саат ондо башталган. Бирок Урмат Акунов шаардык прокурордун орунбасары Алмаз Жоошбековго ишеним көрсөтпөй сот залынан чыгып кеткен. Анткени Бектемир Акуновдун өлүмү боюнча кайра териштирүү иши талапка ылайык жүргүзүлгөн эмес. Ал эми Нарын шаардык сотунун судьясы Жапар Эрматов соттук отурум 25-мартта улантылаарын телефон аркылуу билдирди. Бектемир Акунов 2007-жылдын 14-апрелинде Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында табышмактуу түрдө каза болгон. Анын өлүмүнүн себептери боюнча Нарын шаардык, облустук жана Жогорку сотто соттук отурумдар болуп, жыйынтыгында иш кайра тергөөгө жиберилген. (KUs)

XS
SM
MD
LG