Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:33

18:50 Аткаруу бийлигинин ишин президенттик администрация сынга алды


Президенттик администрация тарабынан 13-мартта өткөрүлгөн коллегиянын чечими боюнча президент Курманбек Бакиевдин жыл башындагы билдирүүсүн ишке ашыруу өтө жай жүрүүдө. Аткаруу бийлигинин аракети мамлекет башчы тарабынан аныкталган реформалар саясатына толук түрдө дал келбейт. Мындан тышкары министрликтер жана башка тармактардын иши өкмөттүк аппарат тарабынан начар жүргүзүлөрү белгиленип, 31-мартка чейин президенттик администрация менен бирдикте президенттин билдирүүсүндө айтылган реформалар боюнча мыйзам долбоорлорун пландаштырууну макулдашуу тапшырылды. Кыргыз өкмөтүнө үстүбүздөгү жылдын 1-майына чейин бардык зарыл мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана Жогорку Кеңешке тапшыруу сунуш кылынды. Коллегия чечимдеринин ишке ашуусун көзөмөлдөө президенттик администрацияга тапшырылды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG