Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:51

19:31 Баткенде «Теке секирик» долбоору сынга алынды


Баткен губернатору Марат Жумабеков облустун мурдагы жетекчиси Султан Айжигитовдун суу боюнча «Теке секирик» долбоорун сынга алды. Бул тууралуу Баткен облусунун губернатору Марат Жумабеков 20-март күнү журналисттер менен болгон маалымат жыйынынында билдирди. Баткен губернатору аймактагы үч негизги маселеге жол, суу жана энергетиканы киргизди. Ошондой эле облустагы экономикалык абалга токтолуп, Кызылкыя түштүк цемент заводу алгачкы продукциясын 2009-жылдын март айынан баштап чыгара турганын белгиледи. Губернатор Марат Жумабеков буга чейинки жетекчи Султан Айжигитовдун суу боюнча «Теке секирик» долбоорун сынга алып, эгер Көксуу дарыясын бөгөй турган болсок, анда Баткен районунун айылдарын саз басып кетиши мүмкүн экенин айтты. (SA)

XS
SM
MD
LG