Кошмо Штаттардын вице-президенти Дик Чейни жана ооган президенти Хамид Карзай азыр 26 өлкө мүчө НАТОну Ооганстанда коопсуздук орнотуу жана кайра куруу багытындагы аракеттерин чыңдоого жана кеңейтүүгө чакырышты. Кабулда бүгүн Хамид Карзай менен сүйлөшүүлөрдөн кийинки биргелешкен маалымат жыйында Дик Чейни АКШнын милдеттемесин кайталап, бирок Вашингтон НАТОнун калган өлкөлөрү да Ооганстандагы иштерге көбүрөөк аралашуусун кааларын белгиледи. Дик Чейнинин айтымында, АКШ ушул айда Ооганстанда кошумча 3200 аскерин жайгаштырууну баштоодо. Ооганстан НАТОнун келерки айдагы саммитинин күн тартибиндеги башкы маселелерден болот. АКШнын Жакынкы Чыгышта он күндүк сапар менен жүргөн вице-президенти бүгүн Кабулга күтүүсүздөн келди.