Бишкектеги майрамдык салтанат адаттагыдай эле борбордук «Алатоо» аянтында өтмөкчү. Салтанат премьер-министр Игорь Чудиновдун куттук айтуусу менен башталып, «Бар бол, Нооруз!» деп аталган театрлаштырылган оюн-зоок менен уланаары кабарланууда. Ага Ирандан келген өнөрпоздор да катышмакчы. Учурда Германияда эс алып жаткан президент Курманбек Бакиев болсо кечээ өлкө калкына Нооруз майрамы жана Элдик ыңкылап күнү менен куттуктоосун жолдоду. Анда өлкө башчысы бардык саясий күчтөрдү жана жалпы коомчулукту өлкөнүн келечеги, мамлекеттин өнүгүшү үчүн жаратмандык нукта биргелешип иш алып барууга чакырган. (SM)