Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:25

7:09 Президент Курманбек Бакиев март ыңкылабынын талаптары аткарылды деп эсептейт


Бул тууралуу мамлекет башчынын Элдик ыңкылап күнү менен өлкө калкын куттуктоосунда айтылат. Анда март ыңкылабында эл негизинен мурунку бийликтин жогорку жетекчилигин кызматтан алуу, мыйзам бузуу жолу менен шайланган парламентти таркатуу жана конституциялык реформа жүргүзүү талаптарын койгону, учурда бул талаптар аткарылды деп айтса болоору белгиленген. Ошол эле учурда оппозициялык маанайдагы башка саясатчылар үч жыл мурдагы ыңкылаптын талаптары ишке ашпай калганын айтып келишет. Маселен, март окуяларынын башында тургандардын бири, мурдагы депутат Азимбек Бекназаров ыңкылап максатына жеткен жок деп, быйыл жыл башында президентти мөөнөтүнөн мурда кетирүү боюнча революциялык комитет түзгөнү белгилүү.(SM)

XS
SM
MD
LG