Өлкөнүн тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШнын Косового аскерий жардам берүү чечимин айыптады. “Мындай кадам эларалык мыйзамдарды бузуу болуп эсептелет”, - деди Лавров. Шаршембиде президент Жорж Буш Косовону курал жарак менен камсыздоого уруксат берген. Сербиянын президенти Воислав Коштуница да Буштун чечимин сындап, бул региондогу проблемалардын тереңдешине алып келээрин эскертти.