Бул тууралуу коргоо министри “Азаттыктын” кабарчысы менен болгон маектешүүсүндө билдирди. Анын айтуусунда 2005-жылы март айында болгон ыңкылаптын негизги максаты –мурдагы президент Аскар Акаевди бийликтен кетирүү, Акаевдин тушунда шайланган парламентти таратуу жана Конституциялык реформа болгон, мунун баары ишке ашты. Экономиканы көтөрүүгө шарт түзүлдү, эми эң негизгиси өлкөнү экономикалык жактан көтөрүү калды, дейт Исмаил Исаков. (ZKo)