Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:10

11:34 Эмил Жороев: Революция бүтө элек


Ушул тапта АКШда илимий ишин жазып жаткан кыргызстандык жаш саясий аналитик Эмил Жороев 2005-жылдын март окуяларынын үч жылдыгы алдында анын мааниси тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди. Анын айтымында, 24-мартта болгон окуялардын эң негизги максаты – шайлоонун таза, ачык өткөрүлүшүнө жетишүү болчу. Бирок андан кийинки парламенттик шайлоо (2007-жылдын 16-декабрындагы шайлоо – ред.) кандай өткөнүн деле баарыбыз билебиз. Муну да унутпашыбыз керек, дейт ал. Э.Жороевдин айтымында, азыр эми суроо “Ыңкылап максатына жеттиби-жокпу?” деп коюлбашы керек. Анткени революция бүттү, өттү деген сөздүн өзү туура эмес. Ар бир саясий максаттын, окуянын уландысы болот, дейт Э.Жороев. Саясат таануучунун пикиринде, азыркы саясий окуяларда ким кандай катышууда, окуялар кайсыл нукта өнүгүп баратат, чечим кабыл алып жаткандардын арасында кимдердин үнү угулуп жатат – демократия үчүн ушул суроолор маанилүүрөөк. (TD)

XS
SM
MD
LG