Өкмөт башчы Игорь Чудинов бейшембиде Бишкекте кыргыз президентинин экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси, жапониялык профессор Тетсужи Танака менен жолугушту. Өкмөт үйүндө өткөн сүйлөшүү учурунда кыргыз-жапон эки тараптуу алакалары, Борбор Азия регионундагы суу-энергетикалык маселелерди жөнгө салуу жана инфляциянын өсүш темпин басаңдатуу үстүндө пикир алмашуу болду. Президенттин кеңешчисинин айтымында, жапон-кыргыз достук Ассоциациясынын алдында экономика маселелери боюнча комитет түзүлдү жана ага Жапониядан 50дөй ишкана кирди. Ал компаниялар Кыргызстандагы экономикалык кырдаал, инвестициялык долбоорлор тууралуу билгенге дилгир экени айтылды. Бул үчүн комитетке Кыргызстандын атынан расмий өкүл мүчө болуп кириши керек. Андыктан премьер-министр өкүл катары өлкөнүн Экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров менен кыргыз президентинин алдындагы Инвестициялык кеңештин катчысы Таалайбек Койчумановду расмий өкүлдөр катары сунуш кылды. Суу-энергетикалык ахыбал тууралуу сүйлөп жатып, И.Чудинов ушу тапта Токтогул ГЭСиндеги суунун деңгээлинин кескин түшүп кеткенине байланышкан өзгөчө кырдаал туралуу айтып берди. Инфляция тууралуу маселеге кайрылган Т.Танака, дүйнөдөгү инфляциялык процесстер сөзсүз түрдө Кыргызстандагы жагдайга да таасирин тийгизээрин билдирди, деп кабарлайт өкмөттүн маалымат кызматы. (TD)