Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:15

15:59: “Кыргызстандын москвалык периси” аныкталды


Кечээ кечинде Москвада кыргызстандык кыздар арасында сулуулар конкурсу өттү. Анын жыйынтыгында 19 жаштагы Бермет Сарлыкова “Кыргызстандын москвалык периси” деп табылды. Бермет азыр Орусиянын Элдер Достугу Университетинде (РУДН) Мамлекеттик муниципиалдык башкаруу тармагында окуйт. Сынакта жеңүүчү аталган Берметке негизги байге катары Египетке бир жумага эс алууга жолдомо тапшырылды. Иш-чараны жаш кыргыз ишкери Курсан Токтомамат уулу уюштурду, дейт “Азаттыктын” Москвадагы кабарчысы. Жалпысынан сынакка 17 жаштан 24 жашка чейин сегиз чүрөк катышты. Бирок кечеге келген кыргызстандык “312” музыкалык тобу бир да ыр ырдаган жок. (TD)

XS
SM
MD
LG