Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:59

17:40 Нарында Нооруз майрамына карата кол өнөрчүлүктүн жана улуттук тамак-аш жарманкелери уюштурулду


Нарын шаарындагы борбордук “Эркиндик” аянтынан Нооруз майрамын көрүүгө адамдардын саны арбын болгондугу байкалды. Чогулгандардын алдында облус губернаторунан бөлөк адамдарга куттуктоо сөз берилген жок. Кыска кебинде губернатор Өмүрбек Субаналиев быйылкы жылда облуста 134 долбоор ишке ашырыларын жарыя кылды. Алардын арасында Бишкек-Нарын-Торугарт жолун калыбына келтире баштоо, Атбашы районунун аймагынан терминал ачуу жана 21 ири курулуштарды бүткөрүү милдети турат. Облустук академиялык музыкалуу драма театрдын, жергиликтүү маданият кызматкерлеринин катышуусунда көркөм оюн тартууланды. Кол өнөрчүлүктүн жана тамак-аштын улуттук үлгүсүндөгү жарманкелери уюштурулду. (KUs)

XS
SM
MD
LG