Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:23

10:05 Табылды Акеров: 2005-жылы 24-мартта ыңкылап болгон эмес


“Таза коом” партиясынын тең төрагасы Табылды Акеров “Азаттыктын” кабарчысынын суроолоруна жооп берип жатып, Жогорку Кеңештин 24-мартты Ыңкылап күнү деп бекитишине нааразылыгын билдирди. Анын айтымында, эгерде ыңкылап болсо, анда Бишкек калаасы таланып-тонолбойт эле жана Улуттук банктын Жалалабат облусундагы банкынан ири акчалар уурдалбайт болчу. “А.Акаевдин баласын, кызын, балдыздарын парламентке алып кирүү аракети элдин нааразылыгын күчөткөндөн башкага жараган жок. Ошондогу элдик нааразылыкты кландар ыктуу пайдаланып, бизнес менен менен аралашкан топ бийликти ээлеп калды. Өз кызыкчылыгын көздөгөн бу топ деле үйбүлөлүк башкарууну орнотуп алышты”, - деди Табылды Акеров. (ZMa)

XS
SM
MD
LG