Башкы катчы Михаил Кротов жана Орусия федерация кеңешинин төрага орунбасары Александр Торшин Бишкекке эртең келери күтүлүүдө. Алар Бишкекте жакынкы күндөрү иштеп баштай турган Демократияны өнүктүрүү, парламентаризм жана жарандардын шайлоо укугун көзөмөлдөй турган эл аралык институттун ачылышына катышмакчы. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин аппаратынан кабарлашты. (MSu)