Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:38

12:38 “Гүл” мультфильми Жапониядагы кыска метраждуу тасмалар фестивалына катышат


Режиссер Садык Шер-Нияздын сценарийи боюнча жаш мультипликатор Изат Абдраимов тарабынан тартылган “Гүл” мультфильми Эл аралык Токио фестивалына тандалып алынды. Кыска метраждуу тасмалар фестивалы Жапониянын башкалаасында үстүбүздөгү жылдын июнь айында өтөт. Бул фестиваль Азия аймагында эң абройлуу фестивалдардын катарына кирет жана ага Кыргызстандан тандалган тасма биринчи жолу катышууда. “Гүл” мультфильми “Айтыш фильм” киностудиясы тарабынан тартылган. Бул мультфильмдин тез убакыттын ичинде белгилүү болушуна анын ар кандай саясый чектен ашкан көрүнүштөрдүн залалы жөнүндөгү идеясы түрткү болгон, деген пикирлер арбын. «Айтыш фильм» киностудиясын 2006-жылы август айында белгилүү коомдук ишмер Садык Шер-Нияз «Айтыш» коомдук фондунун кинотармагы катары негиздеген. Бул аралык ичинде заманбап кинотехникалары менен жабдылган профессионалдуу студияда бир катар көркөм жана даректүү тасмалар тартылды. (ZMa)

XS
SM
MD
LG