Өлкөнүн өнүгүшүнө жана өз ишине берилгендиги үчүн Бишкеке пресс-клубу «Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакуповага, миграция жана иш менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик комитеттин төрайымы Айгүл Рыскуловага жана дизайнер Татьяна Воротниковага «Кыргызстандын сыймыгы» деген атайын сыйлык берүүнү чечти. Сыйлыктарды тапшыруу аземи 26-мартта өтөт.(MSu)