Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:58

18:12 «Жаңы Кыргызстан» партиясы президент К.Бакиевге кайрылуу жолдоду


2007-жылдын 16-декабрындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын Борбордук шайлоо комиссиясы расмий жарыялабагандыгына байланыштуу «Жаңы Кыргызстан» партиясы президент Бакиевге кайрылуу жолдоду. «Жаңы Кыргызстан» партиясынын Ош аймактык уюму жолдогон кайрылууда «Кадырлуу Курманбек Салиевич, 2007-жылдын 16-декабрындагы парламенттик шайлоодон бери 3 айдан ашык убакыт өтсө да, БШК анын корутундусун расмий жарыяланбагандыгы бизди кабатырлантат. Ошол себептүү калк арасында шайлоо одоно мыйзам бууулар менен коштолуп, жыйынтыгы бурмаланды деген шектенүүлөр айтылууда. Сиз, урматтуу президент, Башмыйзам кепили катарында 16-декабрдагы Жогорку Кеңешке шайлоо тууралуу массалык маалымат каражаттарына так кабар бердиртүү жагына жардамдашууңузду талап кылабыз”, -деп айтылат. Президент администрациясынан парламенттик шайлоонун жыйынтыгы былтыр декабрда эле жарыяланганын, Жогорку Кеңеш куралып, толук кандуу иштеп жаткандыгын эске салышты. (АТо)

XS
SM
MD
LG