Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:35

Тайвандагы шайлоодо оппозициянын талапкери жеңди


Бул жерде бүгүн өткөн шайлоодо оппозициядагы "Гоминьдан" партиясынын талапкери Ма Инцзю ишенимдүү жеңишке жетишип, добуштардын 58%ын алган. Кошмо Штаттардагы Гарвард университетин бүтүргөн Ма Инцзю Кытай менен тыгыз алаканын жактоочусу жана Пекин менен буга чейин бузулган алаканы оңдоону убада кылууда. Ал эми анын атаандашы, Тайвандын көз карандысыздыгын жактаган Фрэнк Се Чантин аралдын азыр бийликтеги Демократиялык-прогрессивдүү партиясынын талапкери эле. Расмий маалыматка караганда, ал добуштардын 42%ын алды. Шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө негизги көңүл экономикалык проблемаларга жана Кытай менен мамилеге бурулду. Тайван ондогон жылдардан бери ички жана тышкы маселелерин өзү чечет. Бирок Кытай аралды өзүнүн бир бөлүгү катары эсептейт.

XS
SM
MD
LG