Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:55

11:15 Р.Мамыров: Электр кубаттуулугун чектөөнү 1-октябрга чейин жүргүзгөн жөндүү


Энергетика адиси Райымбек Мамыров Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмүн көбөйтүү үчүн электр кубаттуулугун чектөө 1-октябрга чейин жүргүзүлгөнү талапка ылайык келерин айтып, бул үчүн өкмөт калк арасында түшүндүрүү иштерин жакшылап жүргүзүүгө тийиш деген пикирин “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде билдирди. “Мындан тышкары бюджеттен каржыланган электр кубаттуулугу менен иштеген жылуулук берүүчү түйүндөрүн көмүр менен иштетүүгө өткөрүү, үчүнчүдөн коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүү жолу менен газдан, көмүрдөн жардам бере турган көп жылга эсептелген келишимдерди түзүш керек”, - деп кошумчалайт адис. (ZMa)

XS
SM
MD
LG