Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:18

14:31 А. Мамасалиев: 24-марттагы талап-тоноочулукка саясый жоопкерчилик - бийликте


Мындай пикирин билдирген “Ак Жол” партиясынан Жогорку Кеңештеги депутаты Алишер Мамсалиевдин айтымында, бүгүнкү күнгө чейин жаңы бийликтен, ыңкылапчылардан эч кимиси жапа чеккен ишкерлерден кечирим сурай элек. “Каржы жактан биз аракет жасап жатабыз, аны бардыгы билет. Болгон окуяны эске алып, моралдык жактан компенсация катары биз бардыгыбыз алардан кечирим сурашыбыз керек”, дейт депутат. А. Мамасалиев ыңкылыптан кйинки үч жыл аралыгында өлкөдө өзгөрүү болгон жок деген пикирлерге кошула албстыгын айтты. Анткени, дейт депутат, эки жылдын ичинде парламент менен президенттин ортосунда карама-каршылык болуп, реформа жасоого мүмкүндүк болгон жок. “Реформа үчүн туруктуулук жана күчтүү бийлик керек. Ошондуктан максаттарын жана убадаларын ишке арышруу үчүн президенттин партия түзөм деген демилгесин колдодум”, деди А.Мамасалиев “Азаттыкка” берген интервьюсунда. (MSu)

XS
SM
MD
LG