Бул тууралуу АКШнын учурда Жакынкы Чыгышта иш сапары менен жүргөн вице–президенти Дик Чейнини бүгүн Рамалла шаарында палестин президенти Махмуд Аббас менен жолуккан учурда билдирди. Ал белгилегендей, Израил-Палестина тынчтык келишими эки тараптан тең оор чегинүүлөрдү талап кылат. АКШ вице-президенти ошондой эле палестиндердин Израилге кол салуулары алардын "мыйзамдуу үмүтү менен мүдөөсүн өлтүрөрүн" эскертти. Жөөт-палестин чатагын жөнгө салууга байланышкан маселелерди кечээ ал Иерусалимде Израилдин премьер-министри Эхуд Ольмерт менен талкуулады. Дик Чейнинин жолугушуудан кийинки маалымат жыйынында билдиргенине караганда, АКШ Израилди анын коопсуздугун коркунучка койгон чараларга барууга эч убакта мажбурлабайт.