Майрамдын урматына бүгүн жасаган салттык кайрылуусунда Рим папасы Бенедикт XVI зордук–зомбулук, адилетсиздик, жек көрүүчүлүктү "адамзаттын балекети" деп атады. Өзгөчө Ирак, Тибет, Дарфурдагы чыр-чатакты жөнгө салып, тынчтык орнотуучу чечимдерге жетүүнүн зарылдыгын белгиледи. Кайрылуусунан алдында Рим-католик чиркөөсүнүн башчысы Ватикандагы ыйык Петр соборунда диний жөрөлгө өткөрдү. Келерки айда 81 жашка чыгуучу понтификтин сөздөрүн угуу үчүн оң миңдеген адамдар жыйналды.
Рим папасы Пасха майрамына байланыштуу кайрылуусунда Ирак, Дарфур, Тибетте тынчтык орнотууга чакырды