Ал мындай билдирүүсү менен Кытайдын расмий бийликтеринин Далай-лама Тибетте баш-аламандыкты олипиаданы үзгүлтүккө учуратуу максатында уюштурууда деген айыптоосун четке какты. Ал ошондой эле Пекин менен сүйлөшүүгө даяр экендигин ачыктады. Пекин олимпиадасына отту спортсмендер Тибет аркылуу алып өтүшөт. Бул региондо акыркы жумаларда кандуу кагылышуулар болуп өттү. Кытай бийлиги муну тибеттиктердин руханий лидери Далай-лама уюштурду деп айыптоодо.