Президент Курманбек Бакиевдин саламаттыгы жана аны өлүмү тууралуу ушак-айыңдарга эч кандай негиз жок, бирок анын Германиянын кайсы ооруканасында дарыланып жатканын айтууга болбойт. Мындай маалыматты президенттик администрациянын жетекчиси М.Садыркулов “Азаттык” үналгысына 24-мартта түштөн кийин берген интервьюсунда: “Мен 10.30да дагы бир жолу сүйлөштүм. Президенттин үйүндө, турмушунда өзүнчө жашыруун сырлары болот. Ал 28-мартта келет. Ушактар чыгып кеткени тууралуу саат он жарымда ага чети жетиптир. Ал киши “Бул кандай?” деп күлүп койду”,-деп билдирди. Медет Садыркуловдун баамында, К.Бакиевдин саламаттыгы жана өлүмү тууралуу негизсиз ушакты айрым күчтөр атайылап таратышты жана муну менен саясатчылар дагы бир жолу ката жолго түшүп алышты:” Бул саясатчылар үчүн өзүнчө бир орун. Муну саясатчылар дагы колдонушат. Саясатчылар кайра дагы бир туура эмес кадам жасашты” (BD)