Президенттин операциядан кийин калыбына келүүсү бир аз узакка созулганы менен абалы жакшы жана ал эч кандай кооптонууну туудурбайт. Курманбек Бакиев жакын арада өлкөсүнө кайтып келет. Президенттин маалымат кызматы операция тууралуу маалымат жок экенин билдирип, мамлекет башчынын ден соолугу мыкты экенин, эмгек өргүүсүнөн ал 28-мартта кайтаарын кошумчалады. Германияда президент менен жолугушуп келген мурунку өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев президент бутунун муундарын немис доктурларына дарылатып жатканын жергиликтүү гезиттерге билдирген. (AiT)
7:43 “Время новостей” гезитинин маалыматы боюнча Курманбек Бакиевдин жамбашына Германияда операция жасалды