Мындай пикирин билдирген Америка президенти Жорж Буш Ирактагы жеңиш келечек муундар үчүн пайдубал болоорун белгиледи. Пентагондун маалыматы боюнча Ирактагы беш жылдан бери жүрүп жаткан согушта каза болгон АКШ аскерлеринин саны 4 миңге жетти. Ал эми Ирак калкынын жоготуулары он миңдеп саналат. Жүздөгөн миң адамдар мекенинен качууга мажбур болду.