Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:30

ПРОФЕССОР С. БАЙГАЗИЕВДИН ПАТРИОТТУК "КӨЗ ЖАШЫ"


Бишкек гуманитардык университетинде педагог-илимпоз, жазуучу-публицист Советбек Байгазиевдин жаңы басылып чыккан “Бүркүттүн көз жашы” поэтикалык жыйнагы талкууланды.

“Бүркүттүн көз жашы” педагогика илимдеринин доктору, профессор Советбек Байгазиевдин алгачкы ыр китеби. Автордун ырлары кийинки учурда басма сөздөрдө жарыяланып келди. Аталган китепке Советбек Байгазиевдин айрым жаш чагынан жазып келген ырлары жана айрыкча өткөөл мезгилдин өң-ырайы тарткан толгонуулары басылган.

Бишкек гуманитардык университетинде өткөн талкууда чыгып сүйлөгөн Билим берүү академиясынын бөлүм башчысы Сейит Жаанбаев Советбек Байгазиевдин бул жаңы ыр китебинде адеп-ахлак, ыйман маселелерине басым жасалганын белгиледи:

-Советбек Байгазиевдин “Бүркүттүн көз жашы” китебин мен – кыргыз элинин патриотторунун көз жашы деп түшүндүм. Бүгүнкү оошкон заманда адеп-ахлак, тарбия-таалим, ыйман маселелери начарлап кетти. Биз балдарга Ата мекенди түшүндүрө албай келатабыз. Мына мисалы шаардагы айрым балдардан “Мекениң кайсы?” деп сурасаң, 10-кичирайондогу 8-үйдүн короосун айтат... Бул китепте жаш муунга тарбия болчу асыл ойлор көтөрүлгөн.

Ал эми акын Советбек Байгазиев “Азаттыкка” аталган жыйнагындагы “Дептердеги жазуулар” түрмөгүндөгү “Жазуучунун дептериндеги жазуудан” окуп берди:

-Саламаттык миинистри мамлекет атынан,
Тамекини чекпегиле, ал эң зыян деп жатат.
А өкмөт тамекини сатууга кең жол ачат.
Ойлончу дос, бул жосундан чыгат кандай тыянак?
Калкыбызды каптап кетти пара деген кыямат,
Бийлик айтат: Бул илдетке кылалы деп кыянат.
А өкмөт жең ичинен сатат кызмат орунун,
Айткылачы, кайда алпарат эки жүздүү саясат?


Талкууда чыгып сөз сүйлөгөн адабиятчы, филология илимдеринин доктору Назаркул Ишекеев “Бүркүттүн көз жашы” – бүгүнкү күндү ырдаган китеп” деди:

-Аталган китепте биз жашап турган мезгилдин өң-түсү, бышып турган маселелери, замандаштардын бири-бирине болгон ар түркүн мамилелери поэзияга салынган.

Бишкек гуманитардык университетинин түркология факультетинин деканы Каныбек Кенжешовдун пикиринде Советбек Байгазиевдин поэтикалык жыйнагында улуттук педагогика маселелери козголгон:

-Автор “Бүркүттүн көз жашы” китебинде республикага белгилүү педагогдор жөнүндө жазуу менен, улуттук педагогикабыздын ийгиликтерин даңазалаган.

Кыргыз коомчулугуна акын катары көрүнүп жаткан Советбек Байгазиев бул жаңы китеби тууралу буларды айтты:

-Мен бул китебимде биринчиден Ата мекениме болгон уулдук сезимимди билдиргим келди. Экинчиден, биздеги бүгүнкү кризис замандагы көйгөйлөргө карата жана бүгүнкү цивилизация менен кыргыз табиятынын ортосундагы кагылышууларга болгон өзүмдүн мамилемди билдиргим келди.

Советбек Байгазиевдин “Аксакалдын дептериндеги жазуу” ыры:

Бирөө сүйлөйт төшүн кагып, Кытайга
Тонналап күндө темир сатканын.
Кыйын кезде жанын жакшы бакканын...
Ошол арам көргөн дайым өз камын.
Билет бекен, башка жакка мекенин,
Кичинеден уурдап ташып жатканын...
XS
SM
MD
LG