Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:51

16: 25 №16 жаза абагындагылардын ишин сот карайт


Мындай маалымат Адилет министрлигинин жаза өтөө мекемелер башкармасынын башчысы Көлбай Чолушевден алынды. Анын айтымында, №16 жаза өтөө абагынын тамак ичүүдөн баш тартып жаткан 18 айыпкердин ишин 27-мартта Москва райондук сот карап, айрымдарын мөөнөтүнөн мурда бошотуу, айрымдарын жатак абакка чыгаруу маселеси чечилет. Ал эми айтылуу кылмышкер Азиз Батукаевдин дагы эки жылдык түрмөгө кесилип, Нарынга которулушуна нааразылык билдирип, эки жумадан бери тамак ичүүдөн баш тартып жаткан 700 айыпкердин азыр 170и наар албай жатат, калгандарына тамак үзгүлтүксүз киргизилип жатат,-дейт К.Чолушев. (BD)

XS
SM
MD
LG