Иран Шанхай кызматташтык уюмуна кирүү үчүн арыз берди. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Манучехр Моттаки Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Дүйшөмбүдө жолугушкандан кийин кабарлап, бул маселе боюнча Тажикстан бизди колдойт деп ишенээрин билдирди. Кыргыз саясат талдоочусу Орозбек Молдалиевдин баамында, Иран АКШнын ниетине бап келбеген ШКУга кирүү менен өзүнүн өзөктүк программасына калканч издөөдө, бирок ШКУ аны мүчөлүккө алаар-албасы тез чечиле турган маселе эмес. (BD)