Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:05

Беларусия АКШнын тыңчылык түйүнүнүн бети ачылганын ырастоодо


Беларусиянын Мамлекеттик коопсуздук комитети АКШнын өлкөдөгү тыңчылык түйүнүнүн бети ачылганын бүгүн ырастады. Мунун алдында АКШнын пайдасы үчүн иштеген тыңчылык топ аныкталганы жергиликтүү теледен баяндалган эле. Ал маалыматка караганда, тыңчылык топко Беларусиянын өзүнүн онго чейинки жараны тартылган. АКШнын Минскидеги элчилиги жогордагыдай айыптоону четке какты. Соңку апталарда Вашингтон менен Минскинин ансыз деле начар мамилеси курчуп кетти. Ушул дүйшөмбүдөн тарта Кошмо Штаттардын беларус тышкы иштер мимнистрлигинин талабына ылайык, элчиликте иштеген кызматкерлеринин дээрлик жарымын кыскартты.

XS
SM
MD
LG